Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:04

Ошто адвокаттар колдоого муктаж


Ошто жергиликтүү адвокаттар иштөө үчүн ылайыктуу шарт түзүп берүүнү өтүнүшөт. Бул тууралуу мамлекет башчы Роза Отунбаева Ош шаарындагы иш сапарынын жыйынтыгы боюнча брифингде билдиргенин президенттин басма сөз кызматы кабарлады:

"Адвокаттар менен болгон жолугушуу учурунда алар иштөө үчүн зарыл болгон шарттарды түзүп берүү, анын ичинде кызматтык кабинеттер менен камсыздоо жөнүндө сунуштарын айтышкан. Мен бул маселени ички иштер министринин алдына коймокчумун”, - деди Р.Отунбаева.

Былтыркы июнь коогалаңынан кийин бир катар укук коргоочулар жана адвокаттар соттук жараянда коопсуздук камсыз кылууну да өтүнүшкөн болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG