Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:04

“Мегакомдун” мурдагы башчысы Силичке издөө жарыяланды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, “Мегаком” байланыш операторунун ээси “Альфа Телеком” ишканасынын айланасындагы мыйзамсыз акча которуулар, көз боемочулуктар, жалган документтерди даярдоо фактылары боюнча иликтөө аяктап, кылмыш иши сотко жиберилди. Аталган фактыларга күнөөсү бар делип “Альфа Телекомдун” мурдагы башкы директору Андрей Силичке издөө жарыяланды. Мындан тышкары “Мегакомдун” мурдагы кызматкери аталган Раушан Рыкунова, жолдошу Влад Рыкунов жана сиңдиси Айнура Сим сот жообуна тартылууда.

Издөө жарыяланган Силич жана айып тагылып жатканы Раушан Рыкунова буга чейин мыйзамсыз аракеттерге аралашпаганын, “Мегакомдогу” акча которууларга тиешеси жоктугун билдиришкен.

Былтыркы апрель окуяларынан кийинки “Мегакомдогу” ири өлчөмдөгү акча которуулар жыл башында коомчулукта чоң талкууну жараткан. Чуулгандуу окуяларга бир катар саясатчылар да аралашканы айтылып, алардын чоо-жайын иликтөө үчүн бир нече депутаттык комиссия түзүлгөн. “Мегаком” окуясын толук иликтөө милдети Улуттук коопсуздук комитетине тапшырылган. УКМК билдиргендей, азыр “Мегаком” чуусунун дагы башка өңүттөрү иликтенүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG