Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:02

Ливия: Триполи үчүн согуш уланууда


Ливия козголоңчулары Каддафинин күчтөрү менен Триполинин эки тарабында согушууда. Маалыматтарга караганда, уруштун бири Триполиден 50 чакырым батыштагы Завия шаарында жүрүүдө. Козголоңчулар мунай иштетүүчү ири завод жайгашкан шаарды көзөмөлдөөгө аракеттенип жатат.

Экинчи атышуу Триполинин чыгышындагы Злитан шаарында жүрүүдө. Бул жердеги соңку кагылыштардан, маалыматтар боюнча, 30тан ашуун козголоңчу мерт болуп, ондогондору жаракат алган.

Рейтер маалымат агенттиги билдиргендей, өкмөттүн басма сөз катчысы Муса Ибрагим Муаммар Каддафинин күчтөрү эки шаарда тең артыкчылык кылып жатканын айткан.

НАТО колдогон козголоңчулар алга жылса, бийлик Каддафинин башкы таяныч бекети болуп калган борбор Триполи, анын күйүүчү май, азык-түлүк менен камсыздоочу жолдордон ажырамак.

XS
SM
MD
LG