Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

Египет Израилдеги элчисин чакыртып алды


Расмий Каирдин жарыясына караганда, элчи Египеттин коопсуздук күчтөрүнүн беш өкүлү Израилдин чек арасына жакын жерде мерт болгонуна байланыштуу чакыртылды. Маалыматтарга караганда, алар Израилдин күчтөрү согушкер деп шектелгендерди чек ара боюнча издеп жүргөн кезде мерт болушкан. Израил мындай операцияга 18-августта өлкөнүн түштүгүндө согушкерлердин огунан 8 адам каза тапкандан кийин киришкен.

Египет чек арага жакын жерден коопсуздук күчтөрүн беш өкүлүнүн мерт болушун эки өлкө ортосунда 1979-жылы түзүлгөн тынчтык келишимдин бузулушу катары кароодо. Өкмөттүн билдирүүсүнө караганда, элчи Израил тарап окуя боюна өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын бергенге жана кечирим сураганга чейин чакыртылып алынды.

Египеттин коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү кандайча мерт болгону боюнча карама-каршы версиялар айтылууда. Израил иликтөө жүргүзүп жатканын кабарларды. Бүгүн эртең менен жүздөгөн египеттиктер нааразылык билдирип, Израилдин Каирдеги элчилигине барышты.

XS
SM
MD
LG