Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Ирандын соту АКШнын эки жаранын 8 жылга эркинен ажыратты


Бул тууралуу Батыш маалымат агенттиктери Ирандын мамлекеттик сыналгысына шилтеме жасап кабарлашты.

Сот аларды чек арадан мыйзамсыз өткөн жана тыңчылык кылган деп тапты. Америкалыктардын ар бирине "чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн" үч, "тыңчылыгы үчүн" беш жылдан жаза чектелген.

Шейн Бауэр жана Жош Фэттал ысымдуу америкалыктар дагы бир досу Сара Шоруд менен чогуу Ирандын чек арасында 2009-жылдын июлунда кармалышкан. Алар Ирактын түндүгүндө саякаттап жүрүп, Ирандын аймагына адашып кирип кетишкенин билдиришкен.

Сара Шоурд 2010-жылы күрөө менен бошотулуп, Америкага кайтып келген. Вашингтон Тегеранды америкалык жаш туристтерди бошотууга бир нече ирет чакырып, алардын тыңчы катары айыпталуусу негизсиз экендигин белгилеп келген.

XS
SM
MD
LG