Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:47

Шайлоо комиссиялары окуудан өтөт


Сентябрь айынын башында аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуучу тренингдер башталат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, комиссия мүчөлөрүнө шайлоо мыйзамы жана аны өткөрүүнүн тартиби боюнча түшүндүрмө берилет. Аймактык шайлоо комиссиялары тренингден өткөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиялары үчүн да атайын окуу курстары ачылат.

30-октябрга белгиленген президенттик шайлоо үчүн Кыргызстандын аймагында 58 аймактык, 2289 участкалык шайлоо комиссиялары түзүлдү. (KKs)

XS
SM
MD
LG