Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Баш прокуратура шайлоо мыйзамдарын сактоого чакырды


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы президенттик шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу саясий партияларды, массалык маалымат каражаттарын шайлоо мыйзамына ылайык иштөөгө үндөйт. Аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам улут аралык, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуп, үстөмдүк кылууга чакырып, Конституциялык түзүлүштү өзгөртүүнү максат кылган чакырыктарга тыюу салат. Мындан улам Башкы прокуратура мыйзам бузган тараптар Кылмыш кодексинин тиешелүү беренелери боюнча жоопко тартыларын эскертет.

Шайлоо өнөктүгүндө мыйзам бузууларга күбө болгон адамдар прокуратура органдарына кайрыла алат. (KKs)

XS
SM
MD
LG