Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Ажы башчылары тандалууда


Ажылык сапарды уюштуруучу “Ажылык жана умра” борбору бүгүн ажы башчы болууну көздөгөн 154 талапкерди сынактан өткөрүүдө. Оозеки жана тесттен турган сынактын жыйынтыгында 45-50 адам гана ажы башчылыкка тандалат. Талапка ылайык, ажы башчылыкты эңсегендер кыргыз, араб тилдерин, ажылыктын жол-жоболорун билиши керек. Мурда ажылыкка барып жүрүп, коррупцияга аралашпагандар болушу абзел.

Буга чейин муфтияттын басма сөз катчысы Максат Мамбеталиев ажы башчы болууну самагандар кайсы бир чиновниктер аркылуу телефон чалдырып, сынактан оңой өтүүнү көздөп, ажылык сапар менен акча таап алууну максат кылып жатышканын билдирген. Мындан улам “Ажылык жана умра” борборун жетектеген муфтий Чубак ажы Жалилов мындай учурларда чара көрүү өтүнүчүн УКМКга билдирген.

Быйылкы ажылык сапар октябрь айында башталат. Ал үчүн Сауд Арабиясы Кыргызстанга 4500 орун бөлгөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG