Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Триполиде кагылышуулар уланууда


Ливиянын борбору Триполи шарында ишембиде күн отурган соң башталган аткылашуу дале уланып жатат. Күбөлөрдүн айтымында, Ливия бийлигине каршы болгондор көчөгө чыгууга үндөп жатышат.

Ишемби күнү козголоңчулар Завия жана Злитан шаарларын алганын кабарлашкан болчу. Ошол эле учурда Каддафинин күчтөрү куралдуу көтөрүлүшчүлөрдү Бргеа шаарынан айдап чыккан.

Ливия козголоңчуларынын Улуттук өткөөл кеңешинин төрага орун басары Абдел Хафиз Гога Триполини басып алуу иш-чарасы алдын ала даярдалганын, НАТОнун учактары Каддафинин күчтөрүн башка багыттарга алагды кылганын айтып, бул кагылышууну чечүүчү деп атады.

Ливия козголоңчуларынын Улуттук өткөөл кеңешин батыш кошунасы Тунис тааныганын билдирди. Бул арада Ливиянын мурдакы өкмөт башчысы Абдул Салам Джаллуд козголоңчулар тарапка өткөнү кабарланды.

XS
SM
MD
LG