Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

Калыевди кайра камоо талабы уланууда


Апрель окуясынын жабырлануучулары сот акыйкаттыгына ишеничи калбаганын айтышууда. Мындай бүтүмдү алар апрель окуясында элге ок атууга буйрук бергендердин бири катары негизги айыпталуучулардын бири, мурунку коргоо министри Бактыбек Калыевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнүнө байланыштуу чыгарышкан. Бул тууралуу жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтуусунда, апрель окуясында каза болгондордун жакындары, ок жеп жаракат алгандар сотко жогорку бийлик жактан кысым болуп жатат деген пикирде, ошондуктан, жабырлануучулар мурдагы коргоо министрин кайрадан камоо талабы менен бийликтерге кайрылууну улантышат.

Апрель окуясы боюнча сот өз ишин бүгүн да улантат, анда жабырлануучулардын көрсөтмө берүүсү уланары айтылууда. 2010-жылдын 7-апрелинде бийликке нааразылык билдирип чыккан элге ок аткан, ок атууга буйрук берген деген айып 28 кишиге тагылып, алардын үстүнөн сот иши өткөн жылы ноябрь айында башталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG