Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы бейшембиде шайланат


Бул тууралуу Жогорку Cоттун басма сөз кызматынан маалымдашты. 25-август күнү Сотторду тандоо кеңеши кезектеги жыйынына чогулуп, сотторду тандоо кеңешинин өткөн жумада ордун бошотуп берген төрагасы Замирбек Базарбековдун ордуна жаңы төрага шайлайт. Кеңештин мурунку төрагасы Замирбек Базарбеков 16-августта арызын жазып, расмий түрдө кызматтан кеткен.

24 кишиден турган Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Кеңештин 8-июлдагы кезексиз жыйынында бекиген. Алар Жогорку Сотко жана Конституциялык палатага тандаган судьялар жарандык коом өкүлдөрүнүн нааразылыгын жаратып, Базарбековго бир катар депутаттар да каршы пикирин билдирип чыгышкан. Учурда анын милдетин сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү Жамал Жусупова убактылуу аткарууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG