Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:19

БШК 10 талапкердин өкүлдөрүн каттады


БШК бүгүн президенттикке талапкер 10 адамдын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады. БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов маалымдагандай, талапкерлер У.Сооданбековдун, М.Иманкуловдун, Р.Оморовдун, А.Абышевдин, А.Атамбаевдин, Г.Ибрагимованын, Т.Колубаевдин, Б.Керимбековдун, К.Ташиевдин, К.Байболовдун өкүлдөрү катталды.

Ошондой эле жыйында аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды.

Буга Чүй, Ысык-Көл, Талас, Жалал-Абад областынын кээ бир райондорунун жана Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын айрым өкүлдөрүнүн арыздары себеп болду. Алар БШКга өздөрүн комиссия мүчөлүгүнөн чыгаруу өтүнүчтөрү менен кайрылган. (EK)

XS
SM
MD
LG