Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Пакистандын аймактык билим берүү министри кол салууда жараат алды


Өлкөнүн түндүк-батышындагы Хыбер-Пахтунхва дубанынын билим берүү министри бараткан машина аткыланганда, машина аңга кулап, министрдин колу сынды. Сардар Хуссайн Бабак өзү шайланган Бунер ооданынан кайтып келатканда аны белгисиз адамдар аткылаган.

Министр биздин радиого өзүнө кол салгандар буга чейинки чабуулдарга да тийешеси болушу мүмкүн экендигин билдирди:

- Буларга окшогон террористтер менен өкмөт өлкөнүн ар тарабында күрөшүп жатат.

Бабактын бри тууганы Шамим Шахид “Азаттыкка” Бунер ооданында армиянын операцияларына карабастан, көп куралчандар кала берип жатканын айтты.

XS
SM
MD
LG