Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Ливияда козголоңчулар мамлекеттик сыналгыны өз көзөмөлүнө алды


Ливиянын жол башчысы Муаммар Каддафи көзөмөлдөгөн сыналгы эфирге чыкпай калды. Оппозициячыл куралчандар Триполидеги сыналгы борборун азыр өз колуна алышканын бышыкташты. Кечээтен бери козголоңчу күчтөр баш калаага кирип, бүгүн Триполинин басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп калышты. Алар Каддафинин айрым колдоочулары дале каршылык көрсөтүп жаткандыгын айтышууда.

АКШнын президенти Барак Обама мындан алты ай мурда башталган козголоң өзүнүн туу чокусуна жеткендигин билдирди. Европа комиссиясынын маалымат катчысы Оливер Бейли Европалык лидерлердин бул чакыруусун ачыктады:

- Биз полковник Каддафини калктын каалоосун кабылдап, мындан аркы кан төгүүгө жол бербөө үчүн, дароо кызматынан чегинүүгө чакырабыз. Ливияга эркиндикке жана өз тагдырын өзү аныктоого жол ачылып жатат. Европа Биримдиги Ливияда социалдык акыйкаттык камсыздалган, бардык тараптар катышкан жана аймактык биримдүүлүккө негизделген демократиялык процессти жана экономикалык реформаны колдойт.

XS
SM
MD
LG