Нью-Йоркто прокурор сотту Эл аралык Валюта Корунун мурдагы башчысына тагылган айыпты алып салууга чакырды. Доминик Стросс-Канды “мейманканада иштеген аялды зордуктаган” деп айыптап жатышкан. Айып Нафиссату Диаллонун көргөзмөсүнө гана негизделген болчу. Бирок прокуратура бул аялдын көргөзмөсүндө жана иммиграциялык документтеринде карама-каршылыктар бар экенин, өзүнүн кирешеси тууралуу ал так маалымат бере албаганын мисал келтирди. Сот бүгүн бул боюнча чечим кабыл алышы керек. Эгерде Стросс-Канга тагылган айып алынып салынса, ал Францияга кайтып бара алат.