Германиянын канцлери Ангела Меркел регионго сапарынын алкагында кечээ Хорватияда болуп, бул өлкө региондогу башка мамлекеттерге үлгү боло алат деди. Хорватия 2013-жылдын ортосунда Евробиримдикке мүчөлүк алат деп күтүлүп жатат. Бүгүн немис канцлери Сербиянын жетекчилиги менен жолугушат. Жакында Косово менен чек арада болгон араздашууларга карабай, Сербия менен Косовонун сүйлөшүүлөрү 2-сентябрда кайра улантылмакчы. Ага Евробиримдик ортомчулук кылууда.
Меркел азыркы кризис Балкан өлкөлөрүнүн Евробиримдикке кириш мөөнөтүнө таасир этпейт деди