Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Тажикстанда ажылык сапар үчүн доллар менен гана төлөшөт


Тажикстандан Сауд Арапстанга ажылык зыяратка баруунун баасы быйыл 3348 АКШ долларына көтөрүлдү жана төлөм жалаң доллар менен гана жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик редакциясына өлкөнүн Дин иштери боюнча Мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары Мавлон Мухторов билдирди. Анын айтымында, Мекке жана Медина ыйык шаарларына баруунун баасы ар бир адам үчүн Тажикстанда быйыл 267 долларга кымбаттады. Муну Мухторов эки себеп менен түшүндүрдү: биринчиден, аба каттамдары үчүн билет кымбаттады, экинчиден, улуттук валюта сомонинин долларга карата курсу түшүп кеткен. Быйылкы ажылык зыярат 4-9-ноябрга туш келет. Расмий маалыматтарга караганда, бул жылы 5500 тажикстандык зыяратчы Меккеге барууну ниет кылууда.

XS
SM
MD
LG