Президент Роза Отунбаева бүгүн 61 жашка толду. Өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, Отунбаева бул күнгө карата алдын ала ага гүл жана атайын белек-бечкек тапшырууга тыюу салып, аны куттуктагысы келгендер президенттин иш башкармалыгына чыгып, балдар үйү үчүн ачылган эсепке акча которсо болоорун айткан.
Президенттин аппараты Отунбаеваны куттуктап, бүгүн бул эсепке 35 мин сом эсебинде акча которду. Бул каражат Ош шаарындагы азиз балдар интернатынын муктаждыгына жумшалмакчы.
Президентин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Отунбаеванын дарегине азыр башка өлкө башчыларынан куттуктооор түшө баштады. Президент бүгүн туулган күнун ашкере шаан-шөкөтсүз тынч, үй-бүлөсүнүн кашында белгилээри маалым болду. (ЕК)