Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:15

БШК аймактык шайлоо комиссияларынын курамын толуктайт

БШК аймактык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо үчүн саясий партия, коомдук бирикмелер жана жергиликтүү кеңештерге кайрылуу жолдоду. Маалыматка ылайык, БШК Жалал-Абад облусундагы Чаткал, Тогуз-Торо, Майлы-Суу, Ала-Бука, Оштогу Чоң-Алай, Алай, Баткен дубанындагы Лейлек, Сүлүктү, Кадамжай жана Нарындагы Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жоопкерчиликтүү адамдарды издейт. Комиссияга талапкерлерди көрсөтүү бүгүнтөн башталып, 23-сентябрда жыйынтыкталат. (EK)
XS
SM
MD
LG