Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Мурас-Ордо конушунун тургундары жол тосту


Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган конуштун жашоочусу Нурзат Казакова билдирди. Нааразылыкка чыккандар конушка электр энергиясын киргизүү, жашоо-тиричилик шарттарын жакшыртуу сыяктуу талаптарын коюп, өкмөт башчынын келишин талап кылууда.

Бишкектин түндүгүндөгү жол каттамын бууп алышкан митингчилерге жолугуу үчүн Биринчи май районунун акими Аскербек Алиев жөнөп кеткенин “Азаттыкка” акимчиликтен тастыкташты.

Премьер-министрдин келишин талап кылышкан 50 чакты адам “Дордой” базарына багыт алган унааларды тосуп, учурда жол КамАЗ үлгүсүндөгү унаа менен бекитилип турат.

Мурас-Ордо конушу мындан беш жыл мурун жерди басып алуу жолу менен негизделген. Суусу, жарыгы жок, жолдор салынбаган бул конушта 2 миңге чукул адам жашайт.

Буга чейин ушундай эле талаптар менен митингге Ак-Жар, Ак-Ордо конуштарынын тургундары да чыгышкан. (EK)

XS
SM
MD
LG