Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Эгемендиктин 20 жылдыгын өткөрүү боюнча негизги иш-чаралар бекиди

Премьер-министр Алмазбек Атамбаев эгемендик күнүн өткөрүү боюнча негизги иш-чаралар планын бекитти. Бул тууралуу аталган мааракелерди өткөрүү боюнча дирекциянын башчысы Султан Раев бүгүн өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 30-августта Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышы, жана 20 жылдыкка байланышкан салтанаттуу жыйын уюштурулат. Кечкисин мамлекеттик резиденцияда президенттин атынан чакырылган меймандар кабыл алынат.

Ал эми 31-август күнү Айкөл Манастын эстелигинин ачылышы өтүп, аскердик жүрүш, андан соң Бишкек шаарынын эмгекчилеринин жүрүшү болот. Мындан тышкары Улуттук ат майданында ат оюндары уюштурулуп, кечкурун театралдаштырылган оюн-зоок жана концерттик программа сунушталат. (EK)
XS
SM
MD
LG