Бүгүн президентикке талапкерлер Назарбек Нышанов, Жамбыл Камчиев, Ырыскелди Абышев, Калмамат Мыктымбаев жана Дамира Токтосунова шайлоо алдында күрөгө 100 миң сом акча коюну караган жобону алып салуу сунушу менен чыкты.
Президентикке өзүн көрсөткөн Назарбек Нышанов бул талапкерлерди материалдык абалы боюнча кемсинтүүгө тете деп баалап, жобону бийликке капчыктуулардын эле келишин караган чара катары баалады.
Маалымат жыйынында талапкерлер дагы бир, “талапкерлер шайлоочулардан 30 миң кол топтошу зарыл”- деген шартты жокко чыгаруу демилгесин көтөрүштү.
БШКнын маалыматы боюнча, 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого барам дегендер азыр 80 адам. (EK)