Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Чукул кырдаалдарга карата Борбор Азия боюнча бирдиктүү борбор түзүлдү


Өзгөчө кырдаалдарга карата жана табигый кырсыктардын алдын алуу үчүн Борбор Азия боюнча бирдиктүү борбор түптөлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет. Борбор Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстан ортосунда түзүлдү. Бул боюнча келишимге 19-август - Гуманитардык жардамдын эл аралык күнүндө Алматы шаарында кол коюлду. Өзгөчө кырдаалдарга карата жана кырсыктардын алдын алуу үчүн түзүлгөн Борбор Азия боюнча бирдиктүү борборго үч өлкө кезектешип үч жылдан төрагалык кылат. Борбордо 11 адам иш алып барып, алардын бешөө Казакстандын, үчөө Кыргызстандын, дагы үчөө Тажикстандын өкүлдөрүнөн турат. (EK)

XS
SM
MD
LG