Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Триполиден жаңы уруштар тууралуу маалымат түшүүдө


Кабарларга караганда, уруш Ливия лидери Муаммар Каддафиинин кечээ козголоңчулар ээлеген резиденциясынын жанында жүрүүдө. Каддафинин кайда экендиги белгисиз, бирок бүгүн эртең менен жергиликтүү телеканал уктурган аудиокайрылуусунда ал өлүмгө же жеңишке чейин күрөшүүнү убада кылды.

Триполиден түшкөн маалыматтарга караганда, уруш ошондой эле отуздай чет өлкөлүк журналист камалып калган меймкананын жанында да жүрүүдө. Чек арасыз кабарчылар уюму журналисттердин кетишине Каддафинин мейманкана сыртына жайгашып алган жактоочулары тоскоолдук кылганын билдирди.

Бул аралыкта дүйнө лидерлери Триполинин басымдуу бөлүгүнүн козголоңчулар тарабынан ээлениши менен Каддафи режиминин күнү жакын арада бүтөрүн жана мындан аркы саясий жараяндын жылма кетишине жетишүү зарылдыгын белгилеп жатышат.

Британ тышкы иштер министри Уильям Хейг бүгүн Каддафини бийлиги бүткөнүн моюнга алууга чакырды:

- Режим өлкөнүн жана борбордун басымдуу бөлүгүнө көзөмөлдү ачык эле жоготту. Менимче, полковник Каддафиге азыр жөөлүгөн билдирүүлөрдү жасоону токтотуп, өлкөнү кайра көзөмөлдөй албасын моюнга ала турган учур. Ал азайган жана калган күчтөрүнө багынып берүү керектигин айтуусу керек.

XS
SM
MD
LG