Украина бүгүн азаттык алгандыгынын 20 жылдыгын белгилөөдө. Өлкө бул жылкы эгемендик майрамын белгилөөдө аскердик жүрүштөн баш тартты. Мамлекет башчысы Янукович мындай чечимди өлкөдө каржы үнөмдөө үчүн деп жүйөлөөдү.
Киев соту 24-августта калаанын борбордук аянтында ар кандай саясий иш чараларды өткөрүүгө уруксат бербей койгонуна карабай миңдеген киши жыйналып, оппозиция активистери парламенттик жана президенттик шайлоолорду кезексиз өткөрүү талабын коюшту. Мындан тышкары мурдакы премьер-министр Юлия Тимошенко менен мурдакы ички иштер министри Юрий Луценкого козголгон кылмыш ишин токтотууну да айтышты.