Дүйнөдө Macintosh компьютерлери жана iPod, iPhone жана iPad продукциялары менен таанылган Apple технологиялык компаниясынын башчысы кызматынан кетти. 55 жаштагы Стив Жобс ашказан рагы менен ооруп, январдан бери дарыланып жатканы белгилүү. Компаниядан билдиришкендей, Стив Жобс “Эпплдин” башкаруучулар кеңешин жетектеп калат. Анын оордуна компаниянын аткаруучу директору катары буга чейин соода бөлүмүн жетектеген Тим Кук шайланды.