Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын ата-энелеринин укуктук сабаты жоюлат


“Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери” ассоциациясынын төрайымы Тамара Жумабекова “Азаттыкка” билдиргендей, бул үчүн атайын укуктук клиника ачылып, иштеп жатат. Анын айтуусунда, укуктук клиника ачуу учурдун өтө актуалдуу талабы, анткени Кыргызстанда майып балдары бар ата-энелер өздөрүнүн, балдарынын укуктарын, мыйзамдуу жеңилдиктерин биле беришпейт, алардын көпчүлүгү кирешеси аз же оорулуу баласын багып үйдө отурушат, бул үчүн мамлекет эч кандай каражат бөлбөйт. Укуктук клиникада мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине укуктук кеңештер берилет, адам укугу боюнча тренингдер жана семинарлар өтүп турат.

"Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери” уюмунда 250 майып бала катталган, алардын ичинен 150 бала бала бакчага жана мектепке барышпайт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG