Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Жашы жетелекте кылмыш жасагандарды жазалоо маселеси талкууланат


Бүгүн Бишкектеги “Достук” мейманканасында өтө турган тегерек үстөлдө кылмыш жасаган жашы жетелек балдардын ишин сотко жеткирбей чечүү маселеси талкууга алынат. Тагыраак айтканда кылмыш жасаган балдарды эркинен ажыратпай туруп, жабыркаган жана мыйзам бузган тараптарды жараштыруу менен сотко жана прокуратурага жеткирбей тергөө учурунда чечүү менен балдарга тарбиялык чараларды көрүү сунушу ортого алынат. Ага Социалдык коргоо министрлигинин, Башкы прокуратуранын, ИИМ, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Иш-чара “Балдарды коргоо жаатында иш алып барган бейөкмөт уюмдардын ишин күчөтүү” программасынын алкагында уюштурулууда. Кылмыш жасап, түрмөгө түшкөн жашы жетелек балдардын дээрлик 80% оң жолго түшө албай каларын балдар менен иштеген бейөкмөт уюмдар билдиришкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG