Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

БШК дагы он талапкердин өкүлдөрүн каттады


БШКнын бүгүнкү жыйынында президенттикке талапкерлер: Марат Иманкулов, Эркин Бөлөкбаев, Токтайым Үмөталиева, Алмазбек Каримов, Нариман Түлеев, Акылбек Жапаров, Уланбек Сооданбеков, Роман Оморов, Гайша Ибрагимова жана Төрөбай Көлбаевдин ишенимдүү өкүлдөрү каттоого алынды.

Жыйында ошондой эле БШК Талас шаардык жана райондук Жайыл, Кочкор, Базар-Коргон участкалык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди.

БШК аймактык шайлоо комиссияларынын курамын толуктоо үчүн саясий партия, коомдук бирикмелер жана жергиликтүү кеңештерге кайрылуу жолдогон. Комиссияга талапкерлерди көрсөтүү 23-сентябрда жыйынтыкталат. (EK)

XS
SM
MD
LG