Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:44

Ишкерлер туризм боюнча ЖК комитетине кат жолдоду


Бишкек ишкерлер клубу Экономикалык тескөө министрлигинин 57 өлкө менен визасыз режимге өтүүнү сунушун колдоого алды. Клуб бул боюнча Жогорку Кеңештин туризм боюнча комитет жетекчиси Замир Бекбоевге кат жолдоп, бул демилге кыргыз экономикасына салмактуу салым кошоорун билдирди.

Эгер бул сунуш ишке ашса БИК 2013-жылга өлкөгө келген туристтер саны дээрлик 30 пайызга өсөөрүн божомолдойт. Кыргызстанга келген ар бир турист кеминде миң АКШ долларын сарптайт деген ишкерлер клубу туристтик тармак аркылуу казынага учурда 2 миллиард сом киреше түшүп жаткандыгын эсептейт. (EK)

XS
SM
MD
LG