Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Араб Лигасы ливиялык козголоңчуларга толук колдоо билдирди


Араб Лигасы бүгүнкү жыйынында ливиялык козголоңчулардын Улуттук Өткөөл кеңешин Ливия элинин мыйзамдуу өкүлчүлүгү деп тааныды. Аталган кеңештин төрагасынын орун басары Али ал-Исави Триполиде "Азаттыктын" жана башка маалымат каражаттарынын кабарчылары менен жолугуп, баш калаада азыр кырдаал тынчыганын белгиледи:

- Өзүңөр көрүп жатасыңар, Триполиде азыр тынч, үмүт үзбөй туралы, баш калааны көп чыгымсыз алабыз деп күткөн эмеспиз.

НАТО Ливияда Каддафини издегенге чалгын маалыматы жана чалгын жабдыктары менен көмөк көрсөтүп жаткандыгын бышыктады. Козголоңчулар Триполиге шейшембиде басып киргенден бери, өлкөнүн жол башчысы Муаммар Каддафинин кайда экени белгисиз.

Аны кармагандарга бир миллион 700 миң доллар берилээри жарыяланды.

Британиянын тышкы иштер катчысы Уиллиам Хааг Каддафинин күнү бүттү деп ырастады. Бирок ал карапайым калкка коркунуч сакталып кала берсе, НАТОнун операциялары да улана берээрин эскертти.

XS
SM
MD
LG