Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Ливиядагы козголоңчулардын органы Бенгазиден борбор калаа Триполиге көчтү


Ливияда козголоңчулар түзгөн бийлик органы – Улуттук өткөөл кеңеш – Бенгазиден өлкөнүн борбору Триполиге көчкөнүн билдирди. Бул тууралуу кечээ кечкинде кеңештин жетекчисинин орун басары Али Тархуни кабарлады. Триполиде лидер Муаммар Каддафинин жактоочулары менен айрым жерлерде азырга чейин кагылыштар уланып жатат. Каддафи өзү каерде экени белгисиз.

АКШнын Мамдепартаментинин расмий өкүлү Виктория Нуланд ливиялык козголоңчуларга коомдук тартипти калыбына келтирүүдө сырттан жардам керек болушу мүмкүн экенин айтты.

"Биз түшүнгөндөн, Улуттук Өткөөл кеңеш Ливияда коопсуздукту камсыздай турган эл аралык аскер күчтөрүн киргизүүнү сурабайт, - деди Нуланд. - Бирок тартипти калыбына келтириш үчүн аларга полиция күчтөрүн даярдаганга эл аралык коомчулуктун жардамы керек болушу мүмкүн. Кандай жардам талап кылынаарын дагы такташ керек.

Ал арада Ливия боюнча байланыш тобуна кирген 28 мамлекет жана бир топ эл аралык уюмдар бейшембиде Стамбулдагы жолугушууда өлкөнүн жаңы бийлигине каржылык колдоо көрсөтөөрүн билдирди. АКШ Ливиянын банктарда камакка алынган акчасынан 1,5 млрд.долларды жаңы бийликтерге бере турган болду.

XS
SM
MD
LG