Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Пакистандын түндүк-батышында кечээ жардыруудан сегиз адам набыт болду


Дагы кеминде 10 чакты киши жаракат алды. Полициянын кабарына караганда, жардыруу Рисалпур шаарында эл келерки аптада орозонун аякташына байланыштуу Айт майрамына даярдык көрүп жаткан чакта болгон. Өлгөндөрдүн саны дагы өссө керек деп жатышат, анткени оор абалда жаткандар бар. Пакистанда соңку жылдары болгон жардыруулардын көбү ушул түндүк-батыш аймакта катталган. Бул жерде аскерлер талиптер менен күрөшүп келатышат.

XS
SM
MD
LG