Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:58

20 жылда Кыргызстандагы немистер 100 миңге азайган


Союз кулаганга чейин Кыргызстанда 100 миңден ашуун немис улутундагы адамдар жашаса, акыркы жыйырма жыл ичинде алардын саны 20 миңден араң ашат. Бул тууралуу Кыргызстандагы немистер кеңешинин төрагасы Валерий Диль кечээ Волга боюндагы немистердин күчтөп көчүрүлүшүнүн 70 жылдыгына арналган жыйында билдирди. Анын айтуусунда, 1988-жылкы эл каттоо боюнча Кыргызстанда 101,3 миң немис жашаган, азыркы учурда болгону 21,5 миңи калган.

1941-жылы 28-августта Орусиянын Волга дайрасынын боюнда жашаган немистер Кавказга, Борбор Азияга жана түндүк аймактарга күчтөп көчүрүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG