Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:01

Президенттик аппарат сот системасына кийлигишүүгө кызыкдар эмес


Мындай маанидеги билдирүүнү президенттик басма сөз кызматы таратып,
Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин төрагасы Садыр Жапаровдун “мамлекет башчысы жана Президенттин аппараты сот реформасын создуктуруп жатат” деген сөзү жүйөөсүз жана чындыкка коошпой тургандыгын белгиледи. Билдирүүдө “Президент Сотторду тандоо кеңеши тарабынан Конституциялык палатанын жана Жогорку Соттун курамына сунушталган талапкерлерди мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө кароодон өткөрдү. Тилекке каршы, айрым талапкерлердин билим деңгээли өтө төмөн экендигин сотторду тандоо кеңеши мойнуна алып, эл да буга күбө болду. Эгер Жапаров мырза сотторду тандоо кеңеши тарабынан сунушталган талапкерлер судья болууга татыктуу эле деген пикирде болсо, бул, албетте, өкүнүчтүү көрүнүш”, - деп жазылат.

Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин төрагасы Садыр Жапаров 25-августта 24.кг маалымат агенттигине курган маегинде Кыргызстанда президент жана анын аппараты сот системасын көзөмөлдөөнү колдон чыгарбоо аракетин кылып жатат деп билдирген. Буга чейин Сотторду тандоо кеңешинин курамына нааразылыгын билдирген жарандык коом өкүлдөрү Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Замирбек Базарбеков Садыр Жапаровдун жакыны деп айтып чыгышкан эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG