Талас дубанына болгон иш сапарынын алкагында өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Бакай-Ата районун Ак-Дөбө айылында болду. Бул жерде премьер-министр кант иштетүүчү заводдун ал абалы менен таанышты. Андан соң Атамбаев Кызыл-Жар каналынын аймагында болуп, анын курулуш иштерине өкмөт кийинки жылы 50 миллион сом бөлөөрүн убадалады. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Атамбаев дубандагы эт иштетүүчу комбинатта да болду. Сапар соңунда премьер «Манас Ордо» комплексинде жана «Айкөл Манас» күмбөзүндө болду. (EK)