Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:59

Эгемендик майрамына негизги даярдык 30-августта өтөт


Бишкекте эгемендиктин 20 жылдыгына карата уюштурулуп жактан парадга негизги даярдык 30-августта өтөт. Парадга 7 миңдей киши катышаары күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов Токмокто өтүп жаткан аскерий парадга даярдык учурунда билдирди.

Парадга эмгекчилер, спортчулар, жана кырк чоро катышаары маалым болду. 27-августта ар бир облустан 5 спортчу Бишкекке жөө жүрүш менен келишет. Алардын борборго 31-августка мааркеге тууралап жетип калаары белгилүү болду.

Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев Бишкектеги 30-августтагы аскердик парадга карата даярдыкта аскердик техника тартылбай тургандыгын кошумчалады. (EK)

XS
SM
MD
LG