Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн Улуу Британиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү менен жолугуп, аскердик жактан кызматташуу маселелери боюнча пикир алышты. Чет элдик конокторду генерал-майор Ховард баштап келгени маалым болду. Жолугушууда тараптар Ооганстандагы жалпы кырдаалга сереп салып, аймактагы коопсуздук маселелери боюнча пикир алышышты.
Генерал Ховард ISAF эл аралык антитеррордук коалициянын негизги максаты - Ооганстандын улуттук коопсуздук органдарына өлкөдөгү саясий-аскердик кырдаалга көзөмөлдү тапшыруу экендигин айтты. Министр Казакбаев өз кезегинде Кыргызстан Британиянын Ооганстандагы абалды жөнгө салып жаткан аракеттерин бааларын, “Манас” аба бекетиндеги Жүк ташуучу борбор аркылуу эл аралык коалициялык күчтөргө Кыргызстан мындан ары да көмөк көрсөтүп тураарын айтты.
Казакбаев ошондой эле жакында Бишкекте улуу Британия элчилиги ачылаарын кубаттаарын билдирди. Буга Улуу Британиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Ховард элчилик Кыргыз коргоо министрин реформалоого, заманбап аскердик техника менен жабдууга жардам берүүсүн убадалады. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымат таратты. (EK)