Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:09

Президент Кыргызстан жөнүндө китеп жазуу ниетинде


Президенттик кызматын өткөрүп бергенден кийинки тагдыры тууралуу "Азаттыктын" суроосуна жооп берип, президент Отунбаева Кыргызстан жана кыргыздар жөнундө мүлдө дүйнөгө тарай турган китеп жазуу тилеги бар экенин билдирди. "Нью-Йорктобу, Лондондобу, башка жердеби Кыргызстан тууралуу биздин жерге бир жолу келип кеткен, же бир айча жашай калган адамдар жазышат. Алар биздин өлкөнү терең билеби? Кыргызстанда эмне процесстер жүрүп жатат, кыргыздар кандай эл? - ушул тууралу терең китеп жазгандын өзү революция болоор эле. Менин ошондой бир тилегим, кыялым бар", - деп сырын ачыктады мамлекет башчысы.

XS
SM
MD
LG