"Азаттыкка" маегинде Кыргыз мамлекет башчысы Роза Отунбаева региондук жана дүйнөлүк айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын такай эле Кыргызстанга асылганы жөнүнө токтолду. "Алар өздөрүн эркин деп аташат, бирок алар кожоюндарынын көзөмөлүндө турушат. Ал эми кожоюндары болсо Борбор Азиядагы ресурска бай өлкөлөр менен экономикалык маанилүү келишимдери бар. Ал эми Кыргызстан ачык өлкө, ошон үчүн биз жөнүндө жаза беришсе болот дешет".
Бирок бул жөрөлгөдөн Отунбаева Кыргызстан үчүн трагедия көрбөсүн белгиледи. "Биз ачык өлкөбүз, Кыргызстан дүйнөлүк демократиялык процесстер менен үзөнгүлөш келатат. Биздин эл бийлигин көзөмөлдөп, адилетсиз иштерге дароо каршы чыгат. Биз башкаларга караганда ыкчам өнүгүп жатабыз, анын жемишин жакынкы келечекте татабыз", - деди кыргыз жетекчиси.