Экономикалык тескөө министрлиги мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамды жокко чыгарууну жана статс-катчылар институтунун жоюну сунуштоодо. Министрлик өлкөнүн экономикасын либералдаштыруу жараяны жүрүп жаткандыгын айтып, бул мамлекеттик башкаруу системасын реформалоону талап кылаарын жүйөө кармап жатат. Жаңы демилгеге ылайык мамлекеттик кызматка адамдарды контрактык негизде алуу, бул үчүн мурда уюштурулуп келген сынакты жана аны ишке ашырып келген Мамлекеттик кадрдык кызматын жоюну карайт. Бул үчүн министрлик адистерден турган мекемелер аралык комиссия түзүүнү сунуштайт. (EK)