Экинчи айлампадагы добуш берүүгө 23 депутат катышып, анын 19у Бакыт Адыловдун талапкерлигин жактады. 4 депутат баарына каршы добуш берди. Бул тууралуу дубандан кабарчыбыз билдиришинче, шайлоону өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиянын токтому жана бүгүнкү шаардык кеңеш сессиясынын чечими менен Адылов мэрлик кызматка дайындалды. Жаңы мэр буга чейин шаардык кеңештин жооптуу катчысы болуп иштеп келген. Жалал-Абад шаардык кеңешинде жалпысынан 30 депутат бар экени маалым. ( EK)