Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

Шайлоо жыйынтыктары тууралуу БШКнын түшкү маалыматы


Боршайком билдиргендей саат түшкү 13.00гө өлкөнүн бир катар шаарларында мэрди шайлоо жыйынтыкталды. Алсак, Таш-Көмүрдө Мамидалы Кулдышев, Караколдо Рыскул Калыгулов, Майлы-Сууда Рахатбек Бакалаев, Кара-Көлдө Ильяз Эркеев, Кара-Сууда – Рахимов Ахмаджан, Таласта – Анарбек Кушубеков, Баткенде – Сайдахмат Эрмаматов, Сүлүктүдө- Шадыбек Бактыбеков мэр болуп шайланды.

Балыкчыдагы шайлоого шаардык кеңештин бардык 25 депутатынын 11 гана катышып добуш берүү жүргөн жок. Мыйзамга ылайык добуш берүүгө жергиликтүү кеңештин толук курамынын экиден үч бөлүгү катышпаса жыйынтык таанылбайт. (EK)

XS
SM
MD
LG