Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

"Айрин" Нью-Йорктон 250 миң адамды көчүртөт


Нью-Йорктун мэри Майкл Блюмберг “Айрин” ураганы жакындап келатканга байланыштуу шаардын деңиз боюндагы райондорунун калкын мажбур көчүрүү зарыл экенин билдирди жума күнү.

"Биз мурда эч качан мажбур эвакуация жүргүзгөн эмеспиз,-деди Блюмберг.-Ураганды олуттуу кыйроолорду алып келчү табигый кырсык деп эсептебесек, азыр да бул чарага барбайт элек. Ал бизге жетпей калса же жеңил желпи тийсе жакшы болмок. Бирок биз табият энеге ишене албайбыз. Биз жаманга даяр болуп, жакшыдан үмүт этели."

Нью-Йорктун жапыз аймактарынан, анын ичинде Манхеттендеги Уолл Стриттен 250 миңдей адам эвакуацияланат деп болжолдонууда.

Ишемби күнү Нью-Йоркто коомдук транспорт иштебей турат. Саатына 150 чакырым ылдамдык менен жүргөн ураган бүгүн Түндүк Каролинанын жээгине, андан соң Вашингтон, Нью-Йорк жана Бостонду көздөй жылат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG