АКШ бийликтери “Айрин” ураганына байланыштуу өлкөнүн чыгыш жээгинен 2 миллиондон ашуун адамды шашылыш көчүрүүнү буйруду. Саатына 150 чакырым ылдамдык менен жылган ураган кечээ Түндүк Каролинага жетти, бүгүн жекшемби күнү Нью-Йоркко жетет деп күтүлүүдө. Түндүк Каролинада адам чыгымы болгону маалымдалды.
Президент Барак Обама ишемби күнү жарандарга кайрылып, эвакуация жөнүндөгү буйрукка олуттуу мамиле жасоого чакырды.
Нью-Йорктун жетекчилиги шаардын жээкке жапыз райондорунан 300 миңдей адам эвакуациялоону буйруган. Шаарда коомдук транспорт ишемби күнү токтотулары алдын ала жарыяланган. АКШнын аэропортторунан дүйшөмбүгө чейин 6 100 каттам учпай токтотулду.