Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Египет-Ирак аба каттамы 21 жылдан соң кайра ачылды


Египет аба жолдору компаниясынын учагы акыркы жыйырма бир жылда биринчи жолу Багдадга учуп келди. Багдаддын эл аралык аэропорту ишемби күнкү коммерциялык рейс менен Египеттен 30 чакты жүргүнчү учуп келгенин билдирди. Египетэйр компаниясынын учактары жумасына Багдадга төрт рейс, Ирактын түндүгүндөгү Ирбил шаарына үч рейс аткара баштайт. Египетэйр 1990-жылкы Перс булуңундагы согуштун алдында Иракка учууларды токтоткон. Абу Дабиде жайгашкан Етихад компаниясы, Австриянын, Бахрейндин жана Түркиянын авиакомпаниялары да Иракка каттай башташты.

XS
SM
MD
LG