Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча видео-диалог өтөт


“Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” эртең, 29-августта мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча видео-диалог уюштурат. Иш-чара эгемендиктин 20 жылдыгына карата уюштурулуп, Бишкек менен түз байланышка Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларынын тургундары чыгат.

Тараптар видео-диалогдо мамлекеттик тил тууралуу мыйзам кандай ишке ашып жаткандыгы тууралуу өз ойлорун ортого салып, жарнама, өндүрүш иштериндеги, ММКдагы кыргыз тилинин колдонулушу боюнча ой бөүшөт.

Телекөпүрөгө Мамлекеттик тил боюнча улутутк комиссиянын төрагасы Рыскелди Момбеков, депутат Камила Талиева чакырылды. (ЕК)

XS
SM
MD
LG