Таласта парламенттин, Талас шаардык кенешинин таратылышын талап кылган мөөнөтсүз акция башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Таластын мурдагы мэри Серен Шейшенов билдирди. Анын айтымында, учурда жергиликтүү кеңешти таркатуу боюнча 3 300 кол топтолуп, ал президенттин администрациясына жөнөтүлгөнү жатат. Шейшенов Жогорку Кеңеш жергиликтүү өзүн өзү башкаруу тууралуу мыйзамды туура эмес кабыл алган деп эсептеп, жергиликтүү кеңештер таркатылып, мэрлер кайрадан шайланыш керектигин белгилөөдө.
Эске салсак, кечээ өлкөнун 17 шаарында мэрлерди шайлоо өткөн. Таласта мэрдин милдетин убактылуу аткарып келген Серен Шейшеновдун тарапташтары анын талапкерлги мэрлик кызматка жылдырылбай калгандыгына нааразы болуп, митинг өткөрүшкөн. Дубандагы кабарчыбыздын билдиришинче, бүгүн шаарда абал тынч, эч кандай митингдер уюштурлбай эле.
Мыйзамга ылайык, мэрлик кызматка талапкерлер жергиликтүу кеңеш жана өкмөт башчы тарабынан көрсөтүлөт. (ЕК)