Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:46

Абактагы укук коргоочу АКШ элчисине ачык кат жазды


Абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаров Кыргызстандагы АКШ элчиси Памела Спратленге ачык кат менен кайрылды. Анда жарандык активист анын ишине карата калыстык орнотууга көмөк көрсөтүүнү суранат. Бул тууралуу Аскаровдун каты кечээ Voice of Freedom уюмунун сайтына жарыяланды.

Төрт баланын атасы, 60 жаштагы Азимжан Аскаров "Базар-Коргондо 13-июнда болгон тополоңду козутуп, милиция кызматкерин өлтүрүүгө тийиштиги бар" деп айыпталып камакка алынган. Ал сентябрь айында Базар-Коргон соту тарабынан өмүрүнүн акырына чейинки мөөнөткө кесилип, бул соттун чечимин областтык сот күчүндө калтырган. Бул иш азыр Жогорку Сотто каралууда. (ЕК)

XS
SM
MD
LG