Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:50

“Айрин” ураганы тропикалык бороон деңгээлине түшүрүлдү


АКШнын чыгыш жээги кабылган ураган бүгүн Нью-Йорк шаарына жетти. Ураган боюнча улуттук борбордун билдиргенине караганда, “Айриндин” маккамы өзгөртүлүп, урагандын тропикалык боорон деңгээлине түшүрүлүшү шамалдын кубаты басаңдап, азыр саатына 104 чакырымды түзүп жатканына байланыштуу. Ураган коркунучунан улам Нью-Йорк шаарынын төмөнкү бөлүгүндө жашаган 370 миңдей адам милдеттүү түрдө эвакуацияланды. Калгандарына шаар бийликтери үйдөн чыкпоону эскертүүдө. Ошондой эле Нью-Йоркто коомдук транспорт, аба каттамдары токтотулду. Нөшөрлөгөн жамгырдан улам Гудзон дарыясы көтөрүлүп, шаардын каржы борбору - Манхэттенди сел каптайбы деген коркунуч бар.

Кечээ шамалдын ылдамдыгы саатына 140 чакырымга жеткен ураганга Виржиня жана Түндүк Каролина штаттары кабылган. Бул штаттарда кеминде тогуз адам каза тапканы, 1,8 миллиондой турак үй электр кубатысыз калганы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG